24.kg
13:36, 03 декабря 2020, 24.kg

Ысык-Көлдө кызмат адамына 250 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, кызмат адамына ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Ошол эле учурда кайсы кызматкерге бергени айтылган эмес.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси («Пара берүү») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18