24.kg
13:27, 03 декабря 2020, 24.kg

Парламентке компьютерлерди депутаттардын эсебинен сатып алуу сунушталууда

Учурда «Ак үйдүн» ремонту айрым депутаттардын жана курулуш компаниялардын эсебинен жүргүзүлүп жатканын Жогорку Кеңештин отурумунда эл өкүлү Марлен Маматалиев маалымдады.

Айтымында, отурум залын калыбына келтирүүгө депутаттар кол кабыш кылды.

«Бюджеттин акчасын аз болсо да үнөмдөй алдык. Учурда компьютердик техника сатып алууга 11 миллион сомдук тендер жарыяланды. Биз ушул акчанын жарымын өз чөнтөгүбүздөн төлөп берсек жакшы болот эле. Бул пиар эмес, бюджетке кам көрүү. Программалык камсыздоого да тендер жарыяланыптыр, айрым жарандарыбыз аны 200 миң сомго жасап берүүгө даяр. Керек болсо, манжа изи менен добуш берүүчү системаны жасап беребиз дешти», — дейт Марлен Маматалиев.

Напомним, после беспорядков в Бишкеке митингующие разгромили кабинеты «Белого дома» и подожгли кабинеты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18