24.kg
09:50, 03 декабря 2020, 24.kg

Соттун чечимисиз адамды 48 саат эмес, 24 саат кармоо сунушталууда

Конституциялык кеңешмеде соттун чечимисиз адамды 48 саат эмес, 24 саат кармоо сунушталууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин «Адам жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери» секциясынын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, учурдагы Баш мыйзамда эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөттө кармалышы мүмкүн эместиги жазылган. «Азыр адамды 24 сааттан ашык кармоо мүмкүн эмес деген сунуш түштү. Ал аралыкта «тиешелүү органдар маалымат топтоп, сотко материалдарды берүүгө жетишеби?» деген суроолор болууда. Мындан улам эртең тиешелүү мамлекеттик органдарды жана коомдук уюмдардын мүчөлөрүн чакырдык. Алардын пикирлерин угуп жүйөлүү чечим кабыл алсак деп жатабыз», — дейт ал.

Шерипов жарандарда адам укуктарына жана эркиндиктерине байланыштуу сунуштар болсо, келип оюн айта аларын эскертет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18