24.kg
16:41, 02 декабря 2020, 24.kg

Бала-бакчалар дагы бекер болсун. Бул сунуш Конституциянын жаңы долбооруна кирди

Бала-бакча дагы балдар үчүн бекер болуусу зарыл. Бул тууралуу норма Баш мыйзамдын жаңы долбооруна киргизилгенин конституциялык кеңешменин мүчөсү Нурлан Шерипбаев билдирди.

Анын айтымында, Конституцияда орто билим берүү акысыз экендиги белгиленген.

«Биз орто билим гана эмес, мектепке чейинки билим берүү, кесиптик орто билим берүү дагы акысыз болушу керек деп жаздык. Анткени, учурда бала-бакчалар жетишпей, акчасы барлар менчик бакчага берет, акчасы жоктор балдарын үйдө карайт. Бул долбоор кабыл алынса өкмөт жаңы бакчаларды курушу керек», — дейт ал.

Белгилей кетсек, 20-ноябрда түзүлгөн конституциялык кеңешме ишин улантууда. 

Садыр Жапаров Баш мыйзамдын жаңы долбоору 1-2 ай талкууланып, ага чейин 10-январга референдумга башкаруу формасы боюнча гана сунуш киргизилерин айткан. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18