24.kg
14:12, 02 декабря 2020, 24.kg

Чүйдө дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиев изделүүдө

Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Алтынбек Айдаралиевди издөөдө.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Айдаралиев 27-ноябрда саат 19:00дө Бишкектин Циолковский көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 180-185 см, чачы кара жана кыска, көзү кара, оң кашында кесилген жери бар.

Кийими: боз түстөгү кышкы кийим, көк түстөгү джинсы шым, бут кийими кара түстө.

«Кимде-ким Алтынбек Айдаралиевдин кайда экендиги тууралуу маалыматка ээ болсо 0(312) 60-73-63, 0(501) 90-00-65, 0(551) 10-27-53, 0(705) 77-70-50 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18