24.kg
10:40, 02 декабря 2020, 24.kg

Башкы прокуратура «Ынтымак» паркынын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура «Ынтымак» паркынын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ЖМК маалымдайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызматкерлери 2019-2020-жылдары долбоордун документтерин мамлекеттик экспертизалык бүтүмсүз курулуш иштерин жүргүзгөн.

Кээ бир иштердин жана кызматтын баасы дагы өз баасынан бир нече эсеге кымбат көрсөтүлгөн.

Башкы прокуратура «Кызматтык абалына кыянаттык» жана «Коомдук сатык эрежелерин бузуу» беренелери менен иш козгоду.

«Ынтымак» паркы 2019-жылдын 30-августунда ачылган. Ал кезде шаарды Азиз Суракматов жетектеген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18