24.kg
09:17, 02 декабря 2020, 24.kg

Кытайдын космостук аппараты Айга конду

1-декабрда Кытайдын «Чанъэ-5» аттуу зонду (космостук аппарат) Айга конду. Ал анда эки күн болуп, Ай кыртышын чогултат.

Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай акыркы 44 жылдан бери Айдагы геологиялык үлгүнү ташыган долбоорду ишке ашырган алгачкы мамлекет болуп калат.

Мындай миссияны 1960-жылдардын аягында жана 1970-жылдардын башында АКШ менен СССР да ишке ашырган. Ошондон бери көптөгөн өлкөлөрдүн планетологдору Айдан жаңы үлгүлөрдү күтүп келишет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18