24.kg
18:08, 01 декабря 2020, 24.kg

Алмазбек Атамбаев кандай шартта бошотулаарын Жогорку сот айтып берди

Жогорку соттун маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Фемида өкүлдөрү Атамбаевге карата чыккан өкүм жокко чыгарылып, райондук сотко кайра башынан кароого жөнөтүлгөнүн эскертти.

«Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча маселе ишти жаңыдан карап жатканда адвокаттары өтүнүч менен кайрылса чечилиши мүмкүн», — дешти Жогорку соттон.

Буга чейин адвокат Сергей Слесарев мурдагы президент жакында абактан бошотулушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, Жогорку сот чыгарган чечиминде баш коргоо чарасы тууралуу айткан эмес.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18