24.kg
11:36, 01 декабря 2020, 24.kg

Мектептер үчүнчү чейректен баштап ачылышы мүмкүн

Бишкектин мектептери жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн. Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

Айтымында, 14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда, борбор калаадагы мектептер үчүнчү чейректен баштап штаттык режимде иштөөгө өтөт.

«Ал эми жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режимде окутуп жатат», — деп эскерте кетти ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18