24.kg
11:28, 01 декабря 2020, 24.kg

COVID-19. 2021-жылдын февраль-мартта коронавирус жогорку чегине жетиши ыктымал

Бишкекте коронавирустун жогорку чеги 2021-жылдын февраль-март айларына туура келет деген божомолдор болуп жатат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Айтымында, ар бирибиз жоопкерчиликтүү болсок, коронавирус пандемиясынын экинчи толкунун жеңүү мүмкүн.

«Божомолдор ар кандай. Оору февралдын аягы, март айларында жогорку чегине жетиши ыктымал. Тойго барып жаткандардан жана бара тургандардан бет кап тагынгыла деп өтүнүп кетет элем. Тобокелчилик тобуна кирген улуу муундун өкүлдөрүнө жакшы көңүл буруу керек», — деди Чыныбаева.

Вице-мэр борбор калаада эл көп чогулган массалык иш-чараларга уруксат бериле электигин белгилеп кетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18