24.kg
16:02, 30 ноября 2020, 24.kg

Камчыбек Ташиев айыгып жумушка чыкты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жумушка чыкты. Бул тууралуу маалыматты мекемеден ырасташты.

Алардын айтымында, Камчыбек Ташиев бүгүн иште.

Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиевдин жүрөгү ооруп ооруканага түшкөн. Ал жекшемби күнү өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу саламаттыгына кабатыр болуп жаткандарга ракмат айтып, дарты белгилүү экендигин кабарлаган.

«Менин өмүрүм — кыргыз элимдики. Эми мындан да катуураак иштеймин, убакыт аз», — дейт ал.

Камчыбек Ташиев жайында коронавируска кабылып, илдеттин оор формасын баштан өткөргөн. Дарыгерлердин айтымында, вирус жүрөк-кан тамырларга оор залака тийгизет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18