24.kg
13:03, 30 ноября 2020, 24.kg

УКМК: Р.Матраимовдун коррупциялык схемасына тийешеси бар кызматкерлер аныкталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун сотко чейинки өндүрүш ишин кароону улантып жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишти кароо учурунда коррупциялык схемага тиешеси бар башка дагы кызматкерлер аныкталган.

«Бул иш менен биргеликте Кыргызстандын бюджетине келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери дагы улантылууда», — дешти УКМКдан.

Тергөөнүн Бажы кызматында мурда иштеп кеткен жана азыр да иштеп жаткандардын топ түзүп алып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөндөрдү калкалап, бул «кызматы үчүн» системалык түрдө акча алып тургандыгы боюнча далилдерди улам алып жатканы айтылды.

«Жүргүзүлгөн тергөөлөрдүн жана сотко чейинки өндүрүш иштеринин жыйынтыгы, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардан канча акча өндүрүлгөнү, чыгымдын көлөмү тууралуу коомчулукка төкпөй-чачпай маалымдалат», — деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18