24.kg
12:22, 27 ноября 2020, 24.kg

Ош шаарында жүрөккө уникалдуу операция жасалды

Ош шаарында жүрөк клапанын имплатнациялоо боюнча уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Facebook баракчасына инвазивдүүн кардиолог Талант Эралиев жаып чыкты.

Айтымында, ал Новосибирскийде ординатурада окуп жүргөндө жүрөк клапанына имплатнтация жасасам болот эле деп кыялданчу.

«Клапандын имплантациясы 86 жаштагы бейтапка кан тамыр аркылуу жасалып, жүрөктүн согушу токтогон эмес», — деди дарыгер.

ТАВИ технологиясы — бул аорталык клапандын биопротездик имплантациясы. Ал адистештирилген катетердин (жеткирүү системасы) жардамы менен сандагы артерия аркылуу жасалат. Бул учурда адамдын жүрөгү иштей берет. Мында канды жасалма жол менен айландыруу техникасы колдонулбайт жана операция үчүн адамдын денеси кескиленбейт.

«Бейтап ойгоо болгон, ага ооруну сездирбей турган дары куюлган. Бул операциянын уникалдуулугу — бейтап ооруканада көпкө кармалбайт. Ал тез эле үйүнө жиберилип, кадимки толук кандуу жашоого кайтат», — деди кардиохирург.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18