24.kg
09:46, 27 ноября 2020, 24.kg

Камчыбек Ташиев ооруканага түштү. Анын жүрөгү кармаганы айтылууда

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатат. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Ташиевдин ден-соолугу канаттандыраарлык экени айтылат.

Камчыбек Ташиев 5-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясын жетектеп катышкан. Ал үгүт жүрүшүндө башкы максаты — Садыр Жапаровду бошотуу экендигин айткан.

Садыр Жапаров премьер-министр болуп шайланып, президенттин милдетин аткарууну колго алгандан кийин Камчыбек Ташиевди УКМКга төрага кылып дайындады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18