24.kg
09:13, 27 ноября 2020, 24.kg

Бишкек ИИБинин тергөө изоляторунда 32 кишиден пневмония аныкталган

26-ноябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу тергөө изоляторун кыдырып чыгышты.

Уюмдун маалыматына караганда, учурда 63 кишиге ылайыкташтырылган жерде 100 киши отурат. Ошол эле маалда алардын 32синен пневмония аныкталган.

Борбордун билдирүүсүндө сот 99 кишини Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын № 21 тергөө абагында кармоо жөнүндө чечим чыгарганы, бирок соттук актыга карабай мекеме аларды кабыл албай жатканы белгиленген.

«Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында инфекциялык ооруга чалдыккан бейтаптарды дарылоого шарт жок. Камераларда адамдардын көптүгү — жугуштуу оорулардын кызматкерлердин жана ал жакта кармалгандардын арасында жайлышына алып келет », - деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жаза аткаруу башкы башкармалыгына, ИИМге жана Саламаттык сактоо министрлигине сунуштар жөнөтүлөт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18