24.kg
13:03, 26 ноября 2020, 24.kg

COVID-19. Россиядан вакцина сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

«Коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды сатып алуу боюнча учурда Россия тарап менен сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Ал жерде өндүрүлгөн вакциналарга — сыноо практикасынан өтүп, жалпы дарылоого киргизүүгө уруксат берилген күндөн тартып — Кыргызстанга алып келүү боюнча август айында биз Россия тарапка кат жөнөткөнбүз. Вакцинанын көлөмү, алып келүү боюнча графиктер, Кыргызстанда каттоо процедурасы — баары иштелип чыккан», — деди бүгүнк брифингде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.

Айтымында, Россияга биздин эксперт адистер барып, Москвада «Спутник -V» вакцинасынын клиникалык сыноо процесстери кандай өтүп жаткандыгын көрүп, таанышып келишти.

Сурабалдиева берген маалыматка ылайык, Кыргызстан башка мамлекеттердеги даярдалып жаткан вакциналардын эффективдүүлүгүнө да байкоо салып жатат. Эгерде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан артыкчылык берилген вакциналар даяр болсо, алар боюнча да Кыргызстандын позициясы даярдалды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18