24.kg
12:25, 26 ноября 2020, 24.kg

Эльвира Сурабалдиева: Киргизилген чектөөлөрдү коомчулук «формалдуу» деп эсептейт

«Коомчулук киргизилген чектөөлөрдү «формалдуу» деп эсептөөдө. Бул андай эмес. Бул чектөөлөрдүн бардыгы өз убагында туура киргизилген. Буга чейин бир нече экономикалык багыттагы чектөөлөр алынып салынган», — деди бүгүнкү брифингде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева.

Айтымында, облустардагы жана шаарлардагы атайын түзүлгөн штабдардын чечими менен ошол региондогу эпидкырдаалга жараша иш-аракеттер жандандырылат же токтотулат. Аларга ушундай укуктар берилген.

«Эгерде аймактагы штабдар уруксат берсе, ал жердеги экономикалык активдүүлүк жандандырылат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткарыңыздар. Оорунун көбөйүп кетишине сиздер дагы себепкер болуп кетпеңиздер», — деп эскертти Сурабалдиева.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18