24.kg
11:07, 26 ноября 2020, 24.kg

6 жашар өгөй баласын сабаган жаран тилкат менен бошотулду

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун чечими менен 6 жашар өгөй баласын сабаган А.Б. аттуу жаран эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Чүй облустук милициясы, баланын апасынан Сокулук райондук милициясына тосмо арыз келип түшпөгөнүн билдирет. Белгилей кетсек, буга чейин ал баланын апасы тосмо арыз жазганы айтылган.

Эскерте кетсек, 18-ноябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук милициясына Сокулук районунун 25 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кайрылган. Ал 17синен 18-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:00дө 33 жаштагы А.Б. аттуу күйөөсү 6 жаштагы уулун сабап салганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Октябрь райондук милициясында Жоруктар тууралуу кодекстин 75-беренеси боюнча каттоого алынып, андан кийин иштин материалдары Сокулук райондук милициясына өткөрүлүп берилген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18