24.kg
09:30, 26 ноября 2020, 24.kg

Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүн көңүлгө алып, ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартууну, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Конституциянын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

К. Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылсын.

Конституциялык кеңешменин курамына төмөнкү жарандар киргизилсин:

—Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;

—Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;

—Алмамбет Шыкмаматов —Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;

—Толекан Исмаилова — «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору;

—Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, «Плюрализм» гезитинин редактору;

—Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;

—Асел Абакирова— юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;

—Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;

—Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;

—Таалайбек Шамурзаев — Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18