24.kg
18:02, 25 ноября 2020, 24.kg

Данияр Арпачиев Бишкектин Октябрь районунун акими болуп дайындалды

Бишкектин Октябрь районуна жаңы аким болуп Данияр Арпачиев дайындалганын шаар мэриясы билдирди.

Маалыматта тиешелүү буйрукка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгону айтылды.

Эске салсак, мурунку аким Константин Куценко коррупцияга шектелип Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган.

Ал эми Арпачиев буга чейин Каракол шаарынын мэри, Тоң районунун акими болуп иштегени маалым.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18