24.kg
15:18, 25 ноября 2020, 24.kg

Кыргызстан кантип кризистен чыга алат? Россиялык эксперттен эки кеңеш

Photo 187790

«Кыргызстан азыркы кырдаалда бар мүмкүнчүлүгү менен жашап, көйгөйлөрдү өз күчү менен чечүүгө үйрөнүүгө болот», — деп билдирди Борбордук Азия боюнча россиялык талдоочу Аждар Куртов.

Ал учурда Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды талдоого алып, инвестициялык кырдаалга терс таасирин белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө инвестициялык секторду түзүүгө таасирдүү жолу жок.

«Анүстүнө учурда жаңы саясатчылар шайлоого даярданып, өлкө үчүн такыр пайдасы жок иштер менен — бийлик, кызмат бөлүштүрүү менен алек», — дейт ал.

Кыргызстанда ким документке кол коюп, чечим кабыл аларына иши жок. Эң башкысы азыркы чечимдердин мыйзамдуулугуна күмөн жаралып, алар өлкө кызыкчылыгына каршы келбесе болду.

Аджар Куртор.

«Менин оюмча өлкөнүн кызыкчылыгы төмөнкүлөр: Коронавирус пандемиясынын кесепетинен улам курчуган экономикалык кризистин таасирин азайтуу. Мындай кырдаалда экономикага ички өндүрүш колдоо көрсөтө алат, бирок алар Кыргызстанда өтө аз», дейт Аждар Куртов.

Ал ички өндүрүштү тармагынын башкы өзөгүн тоо-кен тармагы түзөрүн белгилейт.

«Кызыгы тоо-кен тармагын бийлик алмашкан сайын аны коргоонун ордуна кайра басым жасалып баштайт», — дейт ал.

Талдоочу Кыргызстанга тез арада саясый кризистен чыгуу аракетин көрүүгө чакырат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18