24.kg
12:23, 25 ноября 2020, 24.kg

Кинотеатрлар 1-декабрдан баштап ачылмай болду

Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Ал мындай сунушту Республикалык штабга бергенден кийин алар уруксат кылганын белгилеген.

«Биз кинотеатрларды 1-декабрдан тарта ачуу боюнча чечим кабыл алганы жатабыз, бирок залдар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат. Санитардык нормалар боюнча алгоритм жакшы», — деди Түлөбаев.

Ал ошондой эле мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынарын, тойканаларга өзүнчө алгоритм киргизилерин кошумчалады.

Кыргызстандагы кинотеатрлар 2020-жылдын март айынан бери иштебей келет. Буга COVID-19 илдетине байланыштуу жарыяланган өзгөчө абал себеп болгон. Сентябрда кинотеатр ээлери бийликтен ишкерликти улантууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Алгач кинотеатрлар 19-ноябрда ачылары айтылган, бирок кийин штаб чечим кабыл ала электиги маалым болгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18