24.kg
12:14, 25 ноября 2020, 24.kg

Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бекитилди

Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды.

Анын талапкерлиги бүгүн парламенттин жалпы жыйынында каралды. Эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп, каршы чыккандар болгон жок.

Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖК депутаттары колдобой койгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18