24.kg
09:43, 25 ноября 2020, 24.kg

Ички дүң өндүрүмдүн көөлөмү 5.3 пайызга төмөндөшү күтүлөт

2020-жылы ИДПнын көлөмү 5.3 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында айтылды.

Жыйында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөр дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы кырдаалга жараша болгонун белгилеп, бирок ага карабай бардык каржылык милдеттемелер аткарылып жатканын билдирди.

Өнөр-жай жана тейлөө тармагында 9,1% деп бекитилген өсүшкө жетпей, 4,8%га төмөндөшү көрүнүүдө. Ал эми курулуш жана айыл-чарбасында да өсүү темпи 2,9%дан 2%га төмөндөшү мүмкүн.

Ошондой эле жыйында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков коронавирус илдетине каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, учурда эки айга жеткидей керектүү жабдуулар, дары-дармек каражаттары камсыздалганын кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев 2021-жылы бюджеттеги таңсыктыкты азайтуу багытындагы Өкмөттүн аракетин сурады.

Өз кезегинде Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков салыктык жараяндардын фискалдаштыруу менен санариптештирүү аркылуу салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жаатында иштер жүргүзүлөрүн билдирди. «Өнөктөштөр менен сүйлөшүп, эл аралык инвестициялык алакаларды арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз», — деди Артем Новиков.

Эскерте кетсек, жыйынга тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери катышууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18