24.kg
17:49, 24 ноября 2020, 24.kg

COVID-19. Сырттан алынган 700 миллион доллар дайынсыз

Өкмөт мүчөлөрү коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан алынган 700 миллион долларды таба албай убара. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт мүчөлөру эки айдан бери коронавируска коротулган акчалар боюнча так маалымат бере албай келет.

«Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү келген 2 айдан бери ошол 700 миллиондун дайынын таптыңарбы? Беш-алты партия ошол акчаны жеп койду деп элди көтөрүп катуу кыйкырган. Эки ай аз болдубу анын дайынын тапканга? Уурдалган болсо айткыла ачык, уурдагандар жооп берсин. Болбосо туура эмес болуптур, кечирим сурайбыз деп кечирим сурагыла», — деди депутат.

Бул суроого Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрага орун басары так жооп бере алган жок.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18