24.kg
12:32, 24 ноября 2020, 24.kg

Бишкектин акими болуп жаңы шайланган Куценко коррупцияга шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аким Финпол тарабынан соттун чечими менен камакка алынган жана конфискациялануучу жер участогу боюнча мурда аныкталган коррупциялык схеманын алкагында кечээ, 23-ноябрда, кармалган. Буга чейин бул кылмышка шектүү делип Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. жана Бишкектин райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. колго түшүрүлгөнү айтылат.

«2016-жылы материалдык пайда көрүү максатында өз байланыштарын колдонуп президенттик аппараттын кызмат адамдары, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери Максим Бакиевдин адамдарына таандык «Г.Э.» ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөгөн. Натыйжада сот иштерин жана чечимдерин жасалмалап, соттун өкүмү менен конфискациялоого тийиштүү болгон мүлктү мыйзамсыз түрдө камактан чыгарган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарын издөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18