24.kg
12:07, 24 ноября 2020, 24.kg

Текебаев: Мени депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу сот чечими — саясий чечим

Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу Ормуков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал эми мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирди.

Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастады. Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалады:

«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат».

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, соттун бул чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча сот чечими тууралуу маалымат бере элек.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18