24.kg
11:14, 24 ноября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырууга макул болду

Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырылганын айтып, алгач эл кандай башкарууну каалап жатканын билип алууну сунуштады.

Анын айтымында, мындай суроо менен президенттик шайлоодо референдум өткөрүлүшү керек.

«Былтыр депутат Курманкул Зулушев «Парламенттик же президенттик башкарууну каалайсыңбы?» деп референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Мен ошол суроону президенттик шайлоого кошуп референдумга койсо деп суранып кетет элем. Көчөгө чыгып эки тарап болуп кыйкырышып жатышат, жалпы элдин пикирин угалы. Андан кийин ошого карап бүгүн талкууланып жаткан Конституцияны кабыл алалы», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал экинчи графа менен «ЖК депутаттарын шайлоо бир мандаттуу жана партиялык тизме мененби же мурдагыдай эле партиялык тизме боюнча болсунбу?» деген суроону да элдин тандоосуна коюуну сунуштады. Аралаш шайлоодо 35и бир мандаттуу, 55и партиялык тизме менен парламентке келет.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18