24.kg
18:25, 23 ноября 2020, 24.kg

Маршрутканын айдоочусуна кол салган аялды видеого тартып алышты

Бишкекте эл ташыган маршрутканын айдоочусуна акарат келтирип, сөгүп, тээп жаткан аялдын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

Кадрдан аял айдоочунун жанына келип, акчасын тартып алып ичиндеги жүргүнчүлөргө кайтарып берем деп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле ал «тезирээк айда» деп талап кылган.
Ага ары жактан дагы бир киши кошулган. Аялдын коомдук транспорттун ичинде сөгүнүп, айдоочуну жулкулдатып, тепкени да кадрга түшүп калган.

Ал эми айдоочу өзүнүн белгиленген убактысы бар экенин, ошого карап жүрө турганын айтып айдабай койгон.

Бишкек мэриясы бул маселе менен укук коргоо органдары алектене турганын белгилеп, комментарий берген жок. Ал эми Бишкек шаардык милициясы окуя качан, кайда болгонун териштирип жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18