24.kg
16:12, 23 ноября 2020, 24.kg

Чек арадан аткезчилик жүк кармалды

2020-жылдын 22-ноябрь күнү саат 22.20 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн Достук жергилигинде «Солидарность 2019-2021» чек ара операциясынын алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү билдирди.
 
Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы, облустук мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынан Өзбек Республикасына, КР жараны тарабынан турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдарды аткезчилик менен алып өтүү аракеттери жүрүп жаткан кезде кармалды.
 
Кармалган аткезчилик жүктүн болжолдуу баасы 200 000 сомду түзөт.
 
 
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18