24.kg
16:08, 23 ноября 2020, 24.kg

Конституциялык кеңешме мүчөсү Кыргызстандын аталышын өзгөртүүнү сунуштады

Конституциялык кеңешменинин мүчөсү Кадыр Кошалиев бүгүнкү жыйында Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүүнү сунуштады.

Анын пикиринде, элдик бийлик кирип жаткандан кийин «эл» деген сөз кошулушу керек.

«Кыргыз Эл Республикасы» деген аталышты сунуштайбыз. Элдик бийлик кирип жатканына байлыныштуу аталышында эле «эл» деген сөз турушу керек», — деди Кошалиев.

Ал элдик бийлик менен мамлекеттик бийликти бири-бири менен кынаштырып орду менен алып келген түйүн — бул Элдик курултай экенин белгиледи. Андыктан бул маселе боюнча Конституциялык кеңешменин өзүнчө бир жыйынын өткөрүп, жол-жобосун тактоону сунуштады.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18