24.kg
13:10, 23 ноября 2020, 24.kg

Бишкектин төрт миңге жакын тургуну газсыз калат

Бишкектин айрым аймактарынын тургундары 24-27-ноябрь күндөрү газсыз калат. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер алдынан өткөн түтүктөн сыртка чыгып жаткан газды токтотуу үчүн жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.

Газ өчүрүлчү аймактар:

  • Кызыл куруучу шаарчасы;
  • Элебесов көчөсүнүн Коллективная, Аул, Новосельский жана Кичи Чүй каналынын ортосундагы бөлүгү;
  • Сары-Челек, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Зеленый, Новый, Колхозный, Заводской көчөлөрүнүн жана айланма жолдун айрым жерлери;

Бардыгы болуп 3 920 абонент газсыз калат.

«Газпром Кыргызстан» ишканасынын «Бишкек газ» филиалы мындай ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан алдын ала кечирим сурайт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18