24.kg
11:55, 23 ноября 2020, 24.kg

Эки айдын ичинде күйүүчү майды легалдуу жүгүртүү 22 пайызга өстү

2020-жылдын август-сентябрь айларына карата күйүүчү майды легалдуу жүгүртүү 22 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин отурумунда премьер-минстрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Айтымында, 2020-жылы салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча бир нече негизги компоненттер ишке киргизилген. Мисалы, 1-июлдан тартып күйүүчү май куюу жайларында сарпталган майды автоматтык түрдө эсептөөчү система иштей баштаган.

«Натыйжада биз күйүүчү майдын легалдашуусун көрүп жатабыз. Ал эми импорт боюнча колөм 2019-жылга салыштырмалуу көбүрөөк», — деди Артем Новиков.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18