24.kg
10:47, 23 ноября 2020, 24.kg

Баткендин Бужум айылынын тургундары акча топтоп «Тез жардам» унаасын сатып алды

Баткен облусунда айыл эли ФАПка тез жардам унаасын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлдүгү билдирет.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылынын эли биргеликте каражат топтоп, «Тез жардам» кызматына атайын унаа сатып алышты. Алар «Мерседец Бенц» үлгүсүндөгү Спринтер автоунаасын аймактагы үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна белекке беришти.

«Кара-Булак айыл өкмөтүнүн айылдарын тейлеген тез жардам унаасынын абалы учурда капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан, толук кандуу иш алып барууда кыйынчылыктарга дуушар болуп келген», — дейт обладминистрация.

Белгилей кетсек, Бужум айылынын жаштары буга чейин да, облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, карантиндик чектөөлөр кабыл алынган учурда, коомдук транспорттор токтогон мезгилде 30 га жакын медицина кызматкерлерин жумушка жеткирүү үчүн транспорттук муктаждыктарын чечип беришкен.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо мекемелерине жасалма дем алдыруучу аппараттарды алып беришкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18