24.kg
09:30, 23 ноября 2020, 24.kg

Өзбекстанда COVID-19 тесттери эки эсеге кымбаттады

Өзбекстанда пандемия маалында жеке дарыканалар антивирустук препараттардын баасын кымбаттатып жиберишкен. Жеке клиникалар тест жүргүзүү кызматын дээрлик эки эсеге — 250 дөн 400 миң сумга (24-38 доллар) көтөрүшкөн.

Быйыл май-июнь айларында Экономикалык иликтөөлөр жана реформалар борбору сурамжылоо жүргүп, ага 3670 киши катышкан. Респонденттер пандемия учурунда вируска каршы дары-дармектер өтө кымбаттап кеткенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын 74% кирешелери кыскарганына, 58% жумушсуз калганына даттанышкан.

Мындан тышкары пандемия маалында респонденттер башка да көйгөйлөргө туш болушканын белгилешкен.

Алардын арасында:

  • күнүмдүк кызмат көрсөтүүдөгү көйгөйлөр (36%)
  • мектепке чейинки билим алуу (32%);
  • орто билим алуу (31%);
  • азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттоосу (23%);
  • коммуналдык төлөмдөр боюнча карыздар (15%);
  • стресс жана тынчсыздануу (9%);
  • жакынкы дүкөндөрдө азык-түлүктүн тартыштыгы (6%) түзгөн.

Сурамжылоого катышкандардын 25% жашоо шарты төмөндөгөнүнө даттанышкан. Ага карабай, респонденттердин 75% абал жакшы жагына өзөрүлөрүнө ишене турганын билдиришкен.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18