24.kg
17:00, 20 ноября 2020, 24.kg

Дастан Бекешев башкы прокурорду жоопкерчиликке тартууну өтүнүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин аппаратынын кызматкерлери мыйзам чыгаруу процессине кийлигишкени жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн чара көрүүнү сунуштап Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Бекешев башкы прокурор Курманкул Зулушевге президенттин аппаратынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароону сунуштады.

«Конституциянын жаңы редакциядагы долбоорун изилдей келгенде мыйзам долбоор президенттин аппараты, тагыраагы, Бектур Зулпиев (аппарат жетекчинин орун басары) тарабынан даярдалганы аныкталды», — деп айтылат Бекешевдин билдирүүсүндө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18