24.kg
13:39, 20 ноября 2020, 24.kg

Оштогу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 90 пайызга бүттү

Оштогу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 90 пайызга бүттү. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Долбоор боюнча оорукана 1 бөлүмүндө −42 койкага, 2 бөлүмүндө-30 койкага, реанимация бөлүмүндө — 28 койкага ылайыкташтырылган. Ош регионалдык шааркулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын 27-июлунан № 47/20-А сандуу АПШ бекитилген баштапкы планы менен 2020-жылдын 28-июлунан № 136/20-И сандуу ИТШ бар. Объекттин курулушу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду коомдук фондунун» эсебинен каржыланып башталды.

Бүгүнкү күндө реанимация, 1 жана 2 бөлүмдөрүндө курулуш жумуштары, ички актоо-сырдоо жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, учурда бөлүмдөрдү тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Андан сырткары ички жана сырткы канализациясы, сырткы жылытуу системасын тартуу, өрт суу түтүгү, жылытуу радиаторлорун орнотуу толугу менен бүткөрүлгөн.

Объектте 28 жумушчу иш алып барууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18