24.kg
11:52, 20 ноября 2020, 24.kg

Камчыбек Ташиев чек араны аныктоо боюнча өкмөттүк комиссияга жетекчи болду

Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациясына Камчыбек Ташиев жаңы жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ Камчыбек Ташиев кыргыз делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуусу болду.

Анда эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жумушун активдештирүү маселелери талкууланды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18