24.kg
09:40, 20 ноября 2020, 24.kg

Садыр Жапаров 230 соттолгондорду мунапыс менен эркиндикке чыгарды

Түрмөдөн жаткан 230 соттолгон жаран мунапыс менен эркиндикке чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Буйрукка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарган учурда кол койгон.

«38 соттолгон кишинин жаза мөөнөтү кыскартылды. Дагы 1 миң 800 кишинин арызы президенттин аппаратына жөнөтүлдү», — дейт Жаза аткаруу кызматы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров абакта олтурган кезде 100дөгөн соттолгондорго арыз жазып, ишин кайра каратууга жардам бергенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18