24.kg
09:18, 20 ноября 2020, 24.kg

Кыргызстанда малды экспорттоого тыюу салынды. Эт азыктарын гана чыгарууга болот

Кыргызстанда малды экспорттоого тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, этти жана эт азыктарын экспорттоого бөгөт коюлган жок.

«Бул чектөө тирүүлөй малга гана тиешелүү. Этти экспортоону уланта берсеңиздер болот. Малды четке сатуунун башкы себеби өлкөдө саны кескин азайып кетти. Эгер азыр аны токтотпосок, быйыл эмес кийинки жылдары дагы этке муктаждык жаралат», — дейт Тилек Токтогазиев.

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү өлкөдө эттин баасы кескин кымбаттаган. Буга чейин коңшу өлкөлөр дагы малды экспорттоого тыюу салган. 

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18