24.kg
09:47, 19 ноября 2020, 24.kg

Текебаев: 80 депутат жаңы Конституция кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албайт

«Ата Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Конституция өзгөртүү киргизүү боюнча демилгесине комментарий берип, анын процедураларына токтолду.

Ал Баш мыйзамга ылайык өзгөртүү боюнча 80 депутат демилге көтөрө ала турганын тактады:

«Бүгүнкү Конституцияга ылайык, өзгөртүү-түзөтүүлөрдү киргизүү укугу 80ден кем эмес депутаттарга таандык. 10 депутат, президент, өкмөт киргизе албайт. Бирок 80 депутат өзгөртүү гана киргизе алат. А сиздер өзгөртүүнү эмес, жаңы Конституцияны киргизип жатасыңар», — деди саясатчы.

Ал 120 депутат да жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге көтөрө албастыгын белгилейт.

«Өзгөртүү гана кыла аласыңар. Бул бир. Экинчиден, өзгөртүүлөрдү киргизип жатканда Конституциялык палатадан: «Биздин демилгебиз конституциялык нормалар менен жүрүп жатабы, бирдемени бузуп албадыкпы?» деп сурашыңар керек. Сурадыңарбы? Жок. Анткени Конституциялык палатада азыр кворум жок, алар жакынкы бир айда иштебейт. Эгерде ал жакка берсе булар 10-январга үлгүрбөй калат. Ошондуктан мыйзамды бузуп, Конституциялык палатага кайрылбастан, зордук менен, алдамчылык менен парламенттен алып өтүп кетебиз деп жатышат. Булар коомдук талкууда өзгөртөбүз деп жатышат, бирок талкуу убагында ага өзгөртүү киргизе алышпайт. Өтөт же өтпөйт», — деди Өмүрбек Текебаев.

Берүүгө катышкан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев мурда кабыл алынган Конституция догма эмес экенин, аны өзгөртүүгө болорун билдирди. Ал Конституциянын коомдук талкууга чыгарылган жаңы долбоорунун авторлору — парламенттин 80 депутаты экенин да белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18