24.kg
09:44, 19 ноября 2020, 24.kg

Депутат Мирлан Жээнчороев дагы суракка чакырылды

ИИМ Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевду суракка чакырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, ага чакырууну тапшыруу үчүн милиция кызматкерлери барышкан. Бирок, Мирлан Жээнчороев ооруп жаткандыктан сурактын мөөнөтү жылдырылды.

Депутат учурда пневмония менен ооруп жатат.

Эл өкүлү 5-6-октябрдагы окуялардын алкагында ИИМге чакырылды.

Ага чейин депутат Жанар Акаевге дагы чакыруу тапшырылган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18