24.kg
14:52, 18 ноября 2020, 24.kg

Конституцияга өзгөртүү. Референдум 10-январда өтөт

Президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстанда референдум дагы өткөрүлөт. Анда Конституциянын жаңы долбоору коюлат.

Референдумда Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кабыл алынсынбы, же жокпу деген гана суроо берилет.

Белгилей кетсек, конституциялык реформанын негизги демилгечиси Садыр Жапаров. Ал абактан чыккандан тарта эле башкаруу тутумун өзгөртүү зарылдыгын жана референдум боюнча айтып келет.

Аймактарга иш сапары учурунда парламентке депутаттарды бир мандаттуу округ боюнча шайлоону колдорун айткан.

Жогорку Кеңеш 22-октябрда парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырып, референдум өткөндөн кийинкиге калтырган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18