24.kg
11:05, 18 ноября 2020, 24.kg

Өкмөт айрым азык-түлүк түрлөрүнүн баасын көзөмөлдөйт

Өкмөт айрым азык-түлүк түрлөрүнө болгон бааларга көзөмөл киргизүү тууралуу токтом даярдап жатат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов менен жолукканда билдирди.

Новиков бүгүнкү күндө керектүү көлөмдөгү азык-түлүк запасын калыптандыруу үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

«Азык-түлүктүн беш түрү боюнча запас ашыгы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө максатында ири сатуучулар менен социалдык мааниге ээ товарларды жеткиликтүү кылуунун жолдору иштелип чыгууда», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Новиков ошондой эле өкмөттүн социалдык маанидеги товарларды сыртка чыгарууга тыюу салуу пландары бар экенин кошумчалады.

Кыргызстанда октябрь айында 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк 8,9% кымбаттаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18