10:29, 18 ноября 2020, 24.kg
COVID-19. Бир суткада 425 жаңы учур катталды
Бир суткада 425 коронавирус жугузган жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында — 110, Ош шаарында — 13, Чүй облусунда — 117, Ош облусунда — 50, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 8, Ысык-Көл облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 35 жана Баткен облусунда — 29 учур катталды.
Март айынан бери 67 миң 894 киши вируска чалдыкты.
0