24.kg
15:38, 17 ноября 2020, 24.kg

COVID-19. Россия чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууга даяр эмес

COVID-19га байланыштуу кырдаалдан улам Россия чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууга даяр эмес. Бул тууралуу РИА Новости билим берүү министри Валерий Фальковдун сөзүнө шилтеме жасап, билдирет.

Маалыматка ылайык, Россиянын ректорлор кеңешинин жыйынында министр учурдагы абал сентябрь айына салыштырмалуу катаал экенин айтты.

«КМШ өлкөлөрүндө эмгектенген кесиптештерибиз албетте бизге келейин деп турушат, бирок айрымдарынын чек арасы жабык, же башка жүйөлүү себептерден келе албай жатышат. Ири университеттерибиздеги абалды көрүп турасыздар, биз чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууга даяр эмеспиз», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18