24.kg
10:29, 17 ноября 2020, 24.kg

Улуттук банк доллардын наркын төмөндөтүү аракетин көрүүдө

Улуттук банк валюта рыногунда интервенция жасап, 23,4 миллион доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 2 млн доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 21 млн 400 миң доллар саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 17-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18