24.kg
09:00, 17 ноября 2020, 24.kg

Кыргызстандын төрт университетин Пакистан «кара тизмеден» чыгарды

Пакистан медицина кызматкерлерин даярдап чыгарган Кыргызстандагы төрт жогорку окуу жайды «кара тизмеден» чыгарды. Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын сайтында жазылган.

Алар: Ахунбаев атындагы мамлекеттик медакадемия, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Россия славян университети жана Медицина боюнча эл аралык жогорку мектеп.

Аталган окуу жайлардын берген сертификаттары Пакистандын лицензиялоо боюнча комиссиясы тарабынан таанылары кабарланган.

Эске салсак, бир нече апта мурун Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болгон. Өлкө мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай, дипломдору таанылбай жатканы менен түшүндүргөн эле.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18