24.kg
14:51, 16 ноября 2020, 24.kg

Элвира Сурабалдиева аткаминерлердин чет өлкөгө иш сапарын кыскартууну сунуштайт

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева бюджеттин каражатын үнөмдөө үчүн Түркияга иш сапарга камынып жаткан үч аткаминерди жөнөтпөй койду. Ал бул тууралуу Twitter баракчасына жазды.

Айтымында, 2021-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштери боюнча жолугушуу үчүн беш адамдан турган делегация Түркияга барууга даярданып жаткан. Анын экөөнүн жол чыгымдарын чакырган тарап төлөп, үчөө бюджеттин эсебинен бармак.

Натыйжада чакырган тараптын эсебинен ишке түздөн-түз тиешеси бар маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары менен жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басарын жөнөтүүнү чечишкен.

«Калганына көйгөйлөр бул жакта деле жетиштүү. Бюджеттик каражатты үнөмдөө майда нерседен башталат», — деп жазган Сурабалдиева.

Photo 186448

Көчмөндөр оюндары Түркияда быйыл күздө өткөрүлүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырылды. Ага чейин оюндар үч ирет Кыргызстанда өткөн.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18