24.kg
13:48, 16 ноября 2020, 24.kg

Кыргызстандан $23 миллион чыгарган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Финансы полициясы товар сатып алууга жумшала турган төлөм деген шылтоо менен чет мамлекетке $23 миллион чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишине бөгөт койду.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин кесепетинен, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. 12-ноябрда акчаны сыртка чыгарууну жүзөгө ашырып келген деп шектелип Т.М. аттуу жаран кармалды», — деп айтылат маалыматта.

14-ноябрда кармалган адамга карата № 1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза чарасы колдонулду.

Азыркы убакта иш тергелип жатат. Жогоруда аталган схемага тиешеси бар кызмат адамдары менен акчанын кайдан алынганы аныкталууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18